• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Семетей” обсервациясында 462 бош орун бар жана тиешелүү меджабдыктар менен камсыздалган - Мамбетов

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунун аймагындагы “Семетей” (Ганси) обсервациясында 462 бош орун бар жана тиешелүү медициналык жабдыктар менен камсыздалган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов брифингде билдирди.

Анын айтымында, обсервацияда 173 медкызматкер иштөөдө, алардын 62си дарыгер, 111и медайым.

“Аэропорттун аймагындагы “Семетей” обсервациясында 1 миң 302 орунд даярдалган. Андан сырткары, 50 орундук реанимациялык бөлүм уюшулган. Ошондой эле ал жерде 152 кычкылтек концентратору, СИПАП аппаратынан 50 даана, жасалма дем алдыруучу 2 аппарат, Бобров аппаратынан 27 даана жана 8 кубга толтурулган суютулган кычкылтек бар. Бүгүнкү күндө эки корпуста толугу менен суютулган кычкылтек берилип жатат”, - дейт ал.

Мамбетов кошумчалагандай, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бүгүнкү күндө 22 миң 247 орундуу стационарлар тиешелүү меджабдыктар менен камсыздалган. Ал эми күндүзгү стационарларда 12 миң 340, түнкү стационарларда 308 орундук даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий