• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Сентябрь айынын башында мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет

Билим 0

Бишкек, 26.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Сентябрь айынын башында мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, ноутбуктар табигый илимдер боюнча (математика, физика, химия, биология, география, информатика) сабак берген мугалимдерге берилет.

"Ар бир ноутбуктун ичине электрондук китептер киргизилет. Ал эми республика боюнча 90 миңге жакын мугалимди алдыдагы жылдары толугу менен ноутбук менен камсыздоо планы коюлууда. Ошондой эле өлкөдөгү 1,5 млн окуучуну электрондук китептер менен жабдуу үчүн ноутбуктарды берүү маселеси турат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий