• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Сеулда Кыргызстан менен Кореянын экономика жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Сеул шаарында экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов менен Кореянын соода, өнөр жай жана энергетика министринин орун басары Бюн На Ян жолугушту. Бул тууралуу КыргызстандынТышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода, энергетика, өнөр жай жана пайдалуу кендерди казып алуу тармагында кызматташуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки өлкө ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо турган келечектүү долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап Кореяга Кыргызстандын аймагында өнөр жай паркын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Бул өз кезегинде өлкөнүн өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүү жана кореялык инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү кадам болору айтылды.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы соода жана инвестицияларды колдоо боюнча Алкактык макулдашууга кол коюу маселеси да каралды. Бул макулдашууга быйыл кол коюлары күтүлүүдө.

Жолугушуунун соңунда тараптар конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдирип, Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий