• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Сеулда Борбор Азиянын жаз фестивалы өттү

Коом 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Сеул шаарында Борбор Азиянын жаз фестивалы өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын ачылыш аземине Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова катышты.

Иш-чаранын алкагында кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын чагылдырган элдик көркөм буюмдар, кыргыздын салттуу боз үйү көрсөтүлдү.

Фестивалдын жүрүшүндө Аида Исмаилова Корея - Борбор Азия кызматташтык форумунун Катчылыгынын аткаруучу директору Ли Чонг Гукту кыргыздын салттуу боорсокторун чогуу бышырууга чакырды. Тамакты даярдоо түрдүү элдердин маданиятын өз ара байытуунун алкагында каада-салттарды жана үрп-адаттарды алмашуунун маанилүүлүгүн көрсөткөн символикалык акт болуп калды.

Фестивалдын алкагында “Ай-Пери” бий тобу, ырчы Сыргак Асанкунов, комузчу Роза Кылычева өнөрлөрүн тартуулашты.

Дизайнер Толгонай Керимкулованын кыргыздын салттуу элементтери заманбап мода менен айкалышкан жарашыктуу кийим моделдерин көрсөткөн "BAIRA" кыргыз брендинин мода көргөзмөсү чет элдик коомчулукта өзгөчө ийгиликтүү болду.

Пикир

Оставить комментарий