• 87
  • 90.64
  • 0.85

Сеулда Эл аралык тоо күнүнө арналган сүрөт көргөзмөсү өттү

Коом 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчилигинде Эл аралык тоо күнүнө арналган сүрөт көргөзмөсү өттү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чаранын коноктору кыргыз тоолорунун байлыгын жана сулуулугун чагылдырган сүрөттөр менен таанышты. Көргөзмө улуттук аспаптарда аткарылган музыкалык чыгармалар менен коштолду.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова сөз сүйлөп, тоолордун дүйнөлүк экосистемадагы маанилүү ролун жана климаттын өзгөрүшү шарттарында алардын аялуу абалын баса белгиледи.

Ал тоолуу аймактарды сактоо үчүн Кыргызстан тарабынан ишке ашырылып жаткан көптөгөн демилгелер жана иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Алардын ичинде жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин азайтуу боюнча долбоорлор бар.

Пикир

Оставить комментарий