• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Сеулда өтчү эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук буюмдары коюлат

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова 13-апрелде Кореянын импортерлор ассоциациясынын (KOIMA) президенти Бён Кван Ким менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кореянын учурдагы соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, Исмаилова кыргыз тараптын Түштүк Корея менен сооданы көбөйтүү ниетин билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстан Түштүк Кореяга ата мекендик продукцияны жеткирүү аркылуу сооданы кеңейтүүгө белгиледи.

Өз кезегинде ассоциациянын президенти Бён Кван Ким KOIMA өз ишмердүүлүгүндө Кореяга чет элдик товарларды жана продукцияларды импорттоого басым жасап жатканын, ага байланыштуу чет элдик компаниялар менен тыгыз кызматташып, Кореянын потенциалдуу ишканалары менен байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүп жатканын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2022-жылдын 23-июнунан 25-июнуна өтө турган Import Goods Fair эл аралык көргөзмөсүнө кыргызстандык ишканалардын катышуусу боюнча макулдашууга жетишилди. Сеулда Кыргызстандын уникалдуу улуттук буюмдарын Түштүк Кореянын рыногуна жылдыруу мүмкүнчүлүгүн түзүлөрүн билдирди.

Ошондой эле KOIMAнын ишканасында Исмаилова Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар болгон түштүк кореялык компаниялар менен жолугушту. Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы соода тармагында кызматташууну түзүү боюнча пикир алышты. Мындан тышкары, Import Goods Fair эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында бизнес-форум өткөрүү боюнча келишим түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий