• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Борбордо маршруттук таксилерге байланышкан кырдаал жөнгө салынганча автобустар каттай берет

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Бишкекте маршруттук таксилер каттамга чыкпаганына байланыштуу кырдаал жөнгө салынганча автобустар каттай берет, алар жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган транспорттор «Манас» эл аралык аэропорту», КР Ички иштер министрлиги жана «Дордой» ассоциациясы тарабынан берилген.

«Колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кырдаал чечилгенче автобустар №100 маршруттун каттамы менен жүрүшөт», - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын ичинде 110 автобус жана 141 троллейбус иштеп жатат.

Бишкек мэриясы жеке ташуулар менен алектенген такси кызматтарынын айдоочуларын кызмат көрсөтүүсү үчүн тарифти көтөрбөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий