• 87
  • 90.63
  • 0.79

Шаардык балдар тез жардам ооруканасында бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги Шаардык тез медициналык жардам көрсөтүү клиникалык ооруканасына барды.

Ведомстводон билдиришкендей, министр иш сапарынын алкагында бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган иш-чаралар менен таанышты.

Бейшеналиев соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду.

"Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 млн сом бөлүнгөн. Мындай чечим былтыркы КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болуп, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгонунан улам кабыл алынган.

Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат", - деп айтылат маалыматта.

"Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Өз кезегинде оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иш алып барып, 25 дарыгер, анын ичинде педиатр, хирург, травматолог жана реаниматологдор күнү-түнү иштөөдө.

"Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды", - деди башкы дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий