• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Шаардык кеңештерде шайлоо босогосу 7%дан 5%га төмөндөдү. Президент мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 03.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда шайлоо укугунун ченемдерин өркүндөтүүгө жана унификациялоого, жарандардын кеңири катмары үчүн активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу механизмдерин түзүүгө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды андан ары ишке ашырууга, бийликтин өкүлчүлүктүү органдарында аял өкүлдөрдүн көбүрөөк болушун өбөлгөлөөчү механизмдерди киргизүүгө, пара алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө, анын ичинде үгүт мезгилинде, шайлоочулардын тизмесине, саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесине, шайлоо участокторуна (ар бир участокко 3000ден ашпаган шайлоочу), добуш берүү тартибине (аралыктан, электрондук добуш берүү), шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө, добуш берүүнүн корутундусун чыгарууга жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого коюлган талаптарды иретке келтирүүгө, саясий партиялардын депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө жетүүсү үчүн шайлоо босогосун 7 %дан 5 %га төмөндөтүүгө багытталган оңдоолор каралган.

Пикир

Оставить комментарий