• 87
  • 90.55
  • 0.84

Нарын жана Ысык-Көлгө таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйт

Коом 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Шаар аралык такси каттамдары Бишкектеги эки чоң автобекетке бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чыгыш багытка, тактап айтканда, Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кеминге каттаган таксилер Чыгыш автобекетинин аймагында, ал эми Суусамыр, Талас, Жалал-Абад Ош, Баткенге каттаган таксилер Батыш автобекетинин аймагында жайгашат.

Мэриядан белгилешкендей, мындай чаралар жол кыймылынын коопсуздугун жана иреттүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле Батыш автобекетинин жанындагы иретсиз токтотууларды жоюу максатында жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин Батыш автобекетиндеги башаламан унаа токтотуучу жай алынып, бордюрлар орнотула баштагандыгы, ошондой эле бул жер көрктөндүрүлүп, видеокөзөмөл камералары орнотулары айтылган.

Пикир

Оставить комментарий