• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Шайлоо-2021. Дагы төрт талапкер президенттик шайлоого катышпай турган болду

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Дагы төрт талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тартып, документтерин чакыртып алды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жамбылбек Камчиев, Маматов Адилет, Азамат Эсенбеков жана Бактыбек Жумагулов БШКга берген арызын кайтарып алды. Учурда президенттик шайлоого катыша турганын билдирген 37 адам калды.

Үч талапкер Садыр Жапаров, Бабыржан Тольбаев жана Аймен Касенов кол топтоо баракчасын тапшырышты. Ал эми 14 талапкер 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн төктү.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий