• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу прокуратура органдарына 3, БШКга 29, ИИМге 32 маалымат түштү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрь, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 29 кайрылуу түштү. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Тынчтыкбек Шайназаров брифингде билдирди.

Анын айтымында, кайрылуулардын ичинен экөө добуш сатып алуу, жетөө үгүт иштериндеги эреже бузуу, бирөө шайлоочуларды ташуу, бирөө шайлоо эрежелерин бузуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө карата алты арыз, бирөө админресурс, бирөө бюллетенди сүрөткө тартуу, дагы бирөө башка бузуулар, тогузу автоматтык эсептөө урналарындагы көйгөй боюнча түшкөн.

Ал эми Башкы прокуратура башкармалыгынын башчысы Мирлан Майтпасов бүгүн прокуратура органдарына үч арыз түшкөнүн маалымдады.

“Анын ичинен бирөө талапкердин соттолгондугу боюнча келген. Ал тастыкталган жок. Экинчиси добуш сатып алуу боюнча түшкөн, ал дагы аныкталган жок. Үчүнчү админресурс, аны текшерүүгө ИИМге жибердик”, - деп айтты ал.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макиловдун айтымында, добуш берүү күнүндө ИИМге жалпы 32 маалымат түштү.

“Бишкек боюнча жети, Чүйдө сегиз, Нарында эки, Ош шаарында сегиз, Ош облусунда төрт, Жалал-Абадда бир, Баткен аймагынан эки маалымат келген. Алардын ичинде үгүт иштериндеги мыйзам бузуу, шайлоочуларды ташуу, админресурс дагы бар. Тогуз факты тастыкталбагандыктан кыскартылды”, - дейт Макилов.

Пикир

Оставить комментарий