• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна чара көрүү боюнча тренинг өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.10.24. /Кабар/. Шайлоо мыйзамдарынын нормаларынын бузулушуна чара көрүү боюнча тренинг өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте, Аймактык шайлоо комиссияларынын, прокуратуранын жана ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн республиканын ар бир аймагында 2024-жылдын 14-19-октябрь күндөрү “2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештерге шайлоо мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын нормаларынын бузулушуна чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын ролу” темасында окуу-тренингдери өткөрүлүүдө.

Окуу-тренинг төмөндөгүдөй темалардын негизинде жүргүзүлүүдө:

  • шайлоо мыйзамдарынын жана 2024-жылдын 17-ноябрындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иши;
  • шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик;
  • шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көзөмөл жүргүзүү. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу;
  • даттанууларды (арыздарды, маалыматтарды) каттоонун жана кароонун тартиби жана шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү кылмыштар жана укук бузуулар боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү;
  • укук бузууларды аныктоодо аракеттердин алгоритмин аткаруу.

Мындан тышкары, окуу-тренингдерде кызыктуу талкуулар жүргүзүлүп, катышуучуларды кызыктырган суроолордо жооптор берилди.

Пикир

Оставить комментарий