• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шайлоо участкаларындагы өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Шайлоо участкаларындагы өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин Октябрь районунун өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы №1103 жана 1126 шайлоо участкаларындагы өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров тарабынан алдыдагы боло турган шайлоого карата жер-жерлердеги шайлоо участкаларында өрт коопсуздукту алдын алуу багытындагы иштерди күчөтүү тапшырмасы коюлган.

Мындан тышкары райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан “Өрт коопсуздук эрежелери боюнча” маалымат баракчалары таркатылууда.

Пикир

Оставить комментарий