Буга чейин административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылган. Эми алардын ордуна 17-ноябрда жаңы депутаттар келет. Аз убакытта үгүт иштери башталат. Президент Садыр Жапаров алдыдагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады.
Президент кайрылуусунда административдик-аймактык реформа бир топ олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келээрин, ошондуктан бул шайлоолор өтө маанилүү иш-чара экенин, анын жыйынтыгынан көп нерсе көз каранды болоорун баса белгиледи.
“Реформага чейин 32 шаардык кеңеш, 452 айылдык кеңеш, жалпысы 484 жергиликтүү кеңеш болгон болсо, реформадан кийин 33 шаардык кеңеш жана 231 айылдык кеңеш, жалпысы 264 жергиликтүү кеңеш түзүлүп, дээрлик 59%га кыскарды. Буга жараша мандаттардын да саны азайды,”- деди Садыр Жапаров
Административдик-аймактык реформа президенттин демилгеси менен өткөрүлгөн. 2022-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча президенттин биринчи жарлыгы чыккан. Жыйынтыгында 13 айыл аймагы бешке бириктирилди. 2023-жылы Нарын облусунда реформа жүргүзүлүп, 63 айыл аймагы 27ге бириктирилген. Ушундай реформа калган баардык аймактарда жүргүзүлдү.
Реформанын негизги максаты – калкка сапаттуу муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзүү. Ошондуктан, 17-ноябрда келе турган депутаттар бардык кыла турган иштерин, милдеттерин оптималдаштыруу керек. Кандай гана багыт, объект, иш чара болбосун болбосун, туура чечим кабыл алып, анын алдыга жылышына, өнүгүшүнө багытталган аракеттерди жасоого тийиш. Кыскасы, депуттарга коюлган талап башка болот.
Акыркы үч жылда өлкөдө болуп көрбөгөндөй жакшы иштер болуп жатат. Буга бүт эл күбө. Президент ар дайым “Биз жаңы Кыргызстанды курууга бет алдык” айтып келет.
“Бет алган жолубуз оңой эмес. Ары татаал мезгилде, ары кыйын учурда өлкөбүздү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошолу деген бийик жоопкерчиликти мойнубузга алып жатабыз. Мамлекеттин өнүгүшү жергиликтүү аймактардын өнүгүшүнөн башталат. Мына ошондуктан, жергиликтүү кеңеш деп конул бурбай койбойлу, кайдыгер карабайлы.
Аймактардын өнүгүшү менен мамлекет күчтөнө тургандыгын эсибизден чыгарбай, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого активдүү катышып бериңиздер!
Талапкерлердин ичинен татыктуусун тандоо да оңой иш эмес. Талапкерлердин арасында кызыл тилин жанган, убаданы укмуштай берген, акчасы менен арбай тургандар, бирок аймактын, шаардын жүгүн тартууга акылы, билими, тажрыйбасы жетпегендер жок эмес.
Ушундай депутаттарды шайлап алып, анан беш жыл бою өкүнүп калбагыла.
Мектеп, бала бакча, жолдорду жана башка баардык соц обьектилерди мамлекет куруп беребиз. Эч бир талапкер же депутат өз чөнтөгүнөн жасай албайт.
Депутаттар жергиликтуу аймактардын же шаарлардын элден чогулган бюджетин бекитип беришет жана кандайдыр бир маселелерде макулдугун берет же баш тартат. ”- деди президент кайрылуусунда.
Бүгүн 30 жылдан ашык, “мен жол курам, мектеп салам”-деп, өкмөт кылган жумушту менчиктеп алып элди алдаган депутаттардын күнү бүттү десек болот. Буга четинен оңолуп келе жаткан шайлоо боюнча реформа дагы жол бербейт. Мурункудай депутаттык мандат менен бизнесин, жеке кызыкчылыктарын коргой албайт. Ошондуктан, учурда депутат болом деп жан талашкандар жок. Эл дагы депутат жол курбайт, суу чыгарбайт экенин түшүнүп калышты. Депутаттын колунда мыйзам жазып жана трибунадан сүйлөгөнгө гана укугу бар.
Бүгүнкү мезгилдин талабына ылайык шайлоого аттангандар өлкө үчүн, эл, жерим деген таза инсандар болуш керек. Көч бара бара түзөлөт дегендей, элдин дагы шайлоого болгон мамилеси өзгөрдү. Эми сатылбай, таза, мыйзам жаза алган, өкмөттүн ишинде тажрыйбасы барларды тандап алуу зарыл. Депутаттар 5 жылга шайланат. Ушул мезгилдин аралыгында жергиликтүү тургундардын турмуш-тиричилигин жакшыртуу жана өлкөнүн өнүгүшүн камсыз кылуу дал ушул шайлоодо тандаган өкүлдөргө байланыштуу болот.
“Биз “Аймак өнүксө – өлкө өнүгөт!” деп келебиз. Мына ушул аймактардын алдыга жылышында кесипкөй адистердин, креативдүү жарандардын, демилгелүү жаштардын жана мекенчил атуулдардан тандалып чыккан депутаттардын орду өзгөчө экенин унутпайлык. Мына ушундай жарандар шайланса, аймактарды, айыл жерлерин алдыга сүрөшөт, элдин тилегин орундатууга жан үрөйт. Алар өздөрүнүн биографиясы, кадыр-баркы же жеке кызыкчылыгы үчүн келбестен, ошол аймактын, ошол шаардын талылуу, өнүкпөй жаткан жерлерин айтат, аларды чечүүнүн жолдорун издейт, бюджеттик каражатты сарамжалдуу, көйгөйлүү маселелердин чечилишине жумшоого добуш берет. Ар бир тыйындын аркасынан түшүп, анын максаттуу иштетилишин көзөмөлдөйт.”- деди Садыр Жапаров.
Албетте, бул шайлоого катышкандардын арасында кандайдыр бир өздөрүнун кызыкчылыгын көздөгөндөр болбой койбойт. Мындайлар тийиштүү билими, тажрыйбасы жок болсо дагы ар дайым акчасына, жакындарына таянышат.
“Кол ийрисине тартат” болбой, татыктууларын шайлаңыздар. Азыр дүйнө ыкчам өзгөрүп жаткан маалда, өнүгүү үчүн ар бир күнүбүз, керек болсо ар бир саатыбыз маанилүү! Мына ошондуктан, эл үчүн, өлкө үчүн күйө турган, чындап иштей турган, калың элдин элегинен өткөн эр-азаматтарды тандаңыздар. Айрыкча, жүрөгүндө Мекенимди өнүктүрөм деген жалындуу, алысты көрө билген тажрыйбалуу жаштарды колдоңуздар! “- деди президент.
Шайлоого бийлик өкүлдөрү аралашып кетмей адаты бар эле. Бирок бул жолу шайлоого административдик кысым болбойт, Садыр Жапаров: “Мен ушул жерден баса белгилеп айтып коеюн, шайлоо өнөктүгүнө бийлик кийлигишпейт. Бийлик шайлоого да, башкасына да кийлигишкен мезгил, кайсы бир талапкерди сүрмөлөп, кайсы бирин өгөйлөгөн заман артта калды. Кимде ким шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сүрмөлөгөн мамлекеттик кызматкер аныкталып калса, анда катуу жазага тартылат. Биз укуктук талаадагы мамлекетте жашап жатабыз. Баары мыйзам чегинде болушуна шарт түзүп беребиз. Калың элдин тандоосунан татыктуу өткөн, таза шайланып келген депутат гана элге кызмат кылышы керек. Мындан башкача болушу мүмкүн эмес, болбойт дагы!”,-деди президент.
Депутаттыка мурункудай соттолгон, мыйзам менен көйгөйлөрү бар, ар кандай шылуундар кирип кетпесин деп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ар бир талапкер биздин электен өтөт деп билдирген эле.
«Биз мамлекетти адилеттүү башкарышыбыз керек. Мамлекеттик органдар шайлоого кийлигишпеши керек. Мурдагыдай эч ким башкалардын эркине басым жасабайт. Биз депутаттардын чынчыл болушуна, элге, мамлекетке кызмат кылуусуна умтулабыз. Биз кылмыштуулукка, коррупцияга, мыйзам бузууларга байланышкан шектүү өткөндөрдүн катарын тазалоого аракет кылдык. Парламентте туура эмес шайлангандардын баарын тартипке келтирдик.
Шайлоого катышып жаткан партиялардын ар бир талапкерин кылдаттык менен текшерилип, эгерде алар же алардын жакындары кылмышка же коррупцияга аралашса, аларды тизмеден чыгаргыла. Шайлоо учурунда мыйзам бузган талапкер мыйзам чегинде катуу жазаланат. Өлкөдөгү тазалоо шайлоодон башталышы керек. Мен шайлоого катышкан адам катары эбегейсиз кыйынчылыктарды тарттым. Ал эми элди мажбурлап добуш берүүгө мажбурлаган партиялар, депутаттар азыр кайда?» - деди Камчыбек Ташиев.
Ноябрда өтө турган шайлоодон 20-декабрда Элдик курултайдын делегаттарынын сапаттык курамы көз каранды болот. Себеби, ошол жаңы жергиликтүү кеңештердин депутаттары Курултайга делегаттарды тандашат. Ошондуктан, жергиликтүү шайлоодо депутаттыка канчалык таза инсандар келсе, Элдик курултайга дагы ошондой делегаттар барат.
“Дагы бир маанилүү жагдай – 17-ноябрда шайланып келген жергиликтүү кеңештердин депутаттары алдыда боло турган Элдик курултайдын жер-жерлерден келе турган делегаттарын шайлашат. Демек, аймактардагылардын көйгөйлөрүн курултайга алып чыгууда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ролу маанилүү болот. Элдик курултай, өзүңүздөр билгендей, ачык-айкын, түз эфирде өтөт.
Анан буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, Курултай бүткөн соң, “тигил маселе көтөрүлдү, бул көтөрүлгөн жок” деп талкуулап жатып калабыз. Келиңиздер, азыртадан эле бул маселелердин алдын алыңыздар.
Элдик курултайга татыктуу делегаттарды тандап берүүгө жөндөмдүү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлаңыздар. Алар шайлаган делегаттар өз кезегинде Курултайда силер үчүн орчундуу делген маселелерди көтөрүп чыгышсын.
Демократия, сөз эркиндиги деп ооз толтура көп сүйлөйбүз. Демократиянын, сөз эркиндигинин пайдубалы дал ушул сыяктуу шайлоолордо түптөлөт”, – деди Садыр Жапаров кайрылуусунда.
Бүгүн шайлоочулардын өздөрү шайлоого болгон мамилеси, атуулдук милдетин аткаруусу менен мамлекеттин тазаланышына чоң салым кошо алат.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий