• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

"Шайлоочунун кабинети" порталы аркылуу аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн арызды кантип берсе болот?

Коом 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. "Шайлоочунун кабинети" мамлекеттик порталы аркылуу аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн арызды кантип берсе болот?

Бул үчүн жарандар эң жөнөкөй болгон бир катар кадамдарды жасоо зарыл:

1-кадам. Арызыңызды калтыруу үчүн веб-сайтка өтүңүз https://tizme.gov.kg/

2-кадам. Андан кийин, "Шайлоочунун кабинети" бөлүмүндө, сиз "Өтүү" баскычын басыңыз.

3-кадам. "Шайлоочунун кабинетине" идентификация жана аутентификация (ОЭП, eID карта, QR) бирдиктүү системасы же FACE ID бет биометрикасын колдонуу менен авторизациялоо аркылуу белгиленген тартипте авторизациялангандан кийин кирүүгө болот.
FACE ID бет биометрикасын колдонуу менен киргенде сизден сүрөткө түшүп, PIN кодду киргизүү талап кылынат. Андан кийин сиз "Кирүү" баскычын басышыңыз керек.

4-кадам. Системага киргенден кийин “Дистанциялык добуш берүүгө катышуу жөнүндө арыз” бөлүмүнө өтүп, “Арыз берүү” баскычын басуу керек.

5-кадам. Андан кийин "Дайындалган шайлоолор" графасында жергиликтүү кеңештин түрүн (шаар же айыл) тандап, "Андан ары" баскычын басуу керек.

6-кадам. Кийинки терезени ачкандан кийин, Сизден талап кылынган бош талааларды толтуруу суралат:
- “Аралыктан добуш берүү УШК” графасында тиешелүү АДБ УШКсын тандоо керек;
- электрондук почта;
- телефон номери;
- жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук.

Эгерде шайлоочу жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук берүүдөн баш тартса, арыз берүү мүмкүнчүлүгү чектелет.

7-кадам. "Тастыктоо" баскычын баскандан кийин, арыз берүү процедурасы аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий