Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Ош шаарында алгачкы жолу 20-26-март күндөрү мектеп окуучулары арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү.
Мелдеш аяктаган соң Ош шаарынын мэриясы тарабынан турнирдин катышуучулары үчүн Сулайман-Тоого экскурсия уюштурулду. Балдар улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде болушуп, байыркы экспонаттар менен таанышты.
Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 300 бала катышты.
Пикир
Оставить комментарий