Шакиев: Аксыда селден олуттуу зыянга учураган 4 турак үйдүн ээсине 200 миң сомдон берилет

Аймак 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында жайгашкан Кезарт сайындагы жагдайдан кабар алды.

Алсак, 25-майда нөөшөрлөп жааган жаандан улам аталган сайда сел жүрүп, Кара-Суу дарыясын тосуп калган. Натыйжада айылды сел каптап, турак жайлар жабыркаган. Көпүрөлөр кулап калуу коркунучуна кептелип, инфраструктарлык курулмалар зыянга учураган.

Нурланбек Шакиев селден кесепеттери менен таанышып чыгып, Ийри-Булуң, Кара-Суу жана Кызыл-Туу айылдарынын тургундары менен баарлашты.

Төрага селден олуттуу зыянга учураган 4 турак үйдүн ээсине өзүнүн резервдик фондунан 200 миң сомдон бөлүп берерин билдирди.

Муну менен катар жолугушууда бир катар социалдык маселелер көтөрүлүп, оорукана куруу, тез жардам унаасын бөлүү жана өрт өчүргүч кызматын ачуу өңдүү талаптар айтылды. Айрыкча сел жана жер көчкү коркунучтарын азайтуу максатында токой аянттарын кеңейтүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле жолугушууда тургундар селдин кесепетин ыкчамдатып жоюуга көрсөткөн көмөгү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине ыраазычылыктарын айтышты.

Ал эми Нурланбек Шакиев көтөрүлгөн ар бир маселени эске аларын, анын ичинен тез жардам унаасын жакынкы аралыкта чечип берүү аракетин көрөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий