Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Эсептөө палатасы жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов кесиптик кошуундарды текшерүүгө мамлекеттик аудиторго уруксат берүүнү сунуштады.
Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев текшерүүнүн да чеги болорун эскертип, менчик мекемелердин ишине Эсептөө палатасы киришкенге укугу жоктугун баса белгиледи.
“Эсептөө палатасына жеке ишканаларды текшерүү укугу берилбеши керек. Алар бюджеттик каражаттардын гана сарпталышын көзөмөлдөшү зарыл. Бардыгы мыйзам чегинде аткарылып, ашыкча текшерүүлөр болбошу шарт. Ал тургай Эсептөө палатасына убактылуу текшергиле, карап бергиле деген тапшырмаларды да берүүгө болбойт”, – деди Нурланбек Шакиев.
Тагыраагы, жеке менчик мекемелерди текшере турган башка мамлекеттик органдар бар экенин айткан төрага буга Салык кызматын мисал кылды.
Пикир
Оставить комментарий