Шакиев Казакстан Парламентинин Сенатынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин ттрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Маулен Ашимбаевдин коштоосунда Казакстан Парламентинин Сенатынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу КР ЖКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Тагыраагы, Жогорку Кеңештин делегациясы Сенаттын жыйындары өтчү залдарды көрүп, мыйзам чыгаруу процессинин жүрүшүнөн кабар алды.

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен Астана шаарына расмий иш сапары менен барган. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмиль Токтошев бар.

Пикир

Оставить комментарий