• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шакиев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасын кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская жана Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев да катышты.

Жолугушууда тиешелүү мыйзамдардын аткарылышы жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы маселелер талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев өткөн жылы биринчи жолу конституциялык макамга ээ “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынганын эске салып: “Аталган мыйзамды ишке ашырууга байланышкан жагдайлар тууралуу маалымат алуу үчүн чакырдым. Анткени, биз үчүн мыйзамдын аткарылышы маанилүү. Талаптар так аткарылганда гана мамлекеттик тилибизди өнүктүрө алабыз”, – деди.

Өз кезегинде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жаңы кабыл алынган мыйзамдын артыкчылыктары тууралуу сөз кылып: “Бул мыйзамдын башкы өзгөчөлүгү конституциялык макамга ээ экендиги. Ошондой эле айрым талаптар так көрсөтүлүп, мамлекеттик тилдин коомдогу ролун жогорулатууга байланышкан ченемдер киргизилген”, – деп кошумчалады.

Ал эми “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская “Кыргызтесттен” өтүүдөгү жагдайлар боюнча кеңири кеп кылды.

Пикир

Оставить комментарий