• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Шакиев Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун абалы менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек.02.12.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы иш сапарынын алкагында Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эл аралык маанидеги жолдун жалпы узундугу 138 чакырымды түзөт. Быйыл 8,2 чакырымын оңдоо-түзөө үчүн 57 млн сом каралган. Бирок жасалып жаткан иштердин сапаты талапка жооп бербестигине күбө болгон Төрага тиешелүү жетекчилерди көзөмөлгө алууга чакырды.

"Жол жасалганы менен четиндеги тосмолор, арыктар жана өзгөчө кырдаалдарга байланышкан курулмалар толук бүткөрүлгөн эмес. Айрыкча жолдун тардыгы жүргүнчүлөр үчүн өтө кооптуу. Ал тургай кыш өтүп, жаз келер менен жол кайра оңдоп-түзөөгө муктаж болуп калышы толук мүмкүн. Андыктан, каражатты туура пайдаланып, эл аралык жолду аягына чейин тиешелүү стандарттарга ылайык, сапаттуу бүткөрүү шарт", - деген Нурланбек Шакиев жалпы 138 чакырымдык жолдун тейлөө иштери да начар экенин айтып, толук асфальттаганга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги каттамдын коопсуздугун камсыздашы керектигин белгиледи.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен баарлашып, өлкөдө жасалып жаткан реформалар тууралуу учкай кеп кылган Төрага: "Акыркы үч жыл аралыгында мамлекеттин казынасы үч эсе өстү. Натыйжада калк турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырылып, социалдык мекемелер, жолдор салынууда. Бирок жасалып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурулушу керек. Ар бир тыйындын эсеби бар. Аны пайдасыз коротууга болбойт, Жогорку Кеңеш сөзсүз көзөмөлдөйбүз", - деди.

Муну менен катар төрага Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолун толугу менен оңдоо маселеси караларын айтты.

"Кыргызда "Жол оңолмоюн - иш оңолбойт" - деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, мамлекеттин каражатын туура пайдаланып, ушундай стратегиялык маанидеги жолдорду тез арада оңдошубуз зарыл", - деп кошумчалады ал.

Алсак, аталган жол толугу менен бүтсө "Эркеч-Там" посту аркылуу Кытайдан келген унаалардын каттамы Ылай-Талаа айылынан ушул жолго кошулат. Натыйжада Бишкекке барчу жол 40 чакырымга кыскарат.

Белгилей кетсек, төраганы депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Улан Примов, Эмиль Токтошев, Нуржигит Кадырбеков, Азамат Исираилов, финансы министринин орун басары Руслан Татиков, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Джантелиев, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Тариэль Жаныбеков, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий