• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Шакиев: Сандан сапатка өтүү менен айыл чарба тармагына жаңылыктарды киргизүүбүз кажет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер менен бирге Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында заманбап айыл чарба техникаларын тапшыруу аземине катышты.

Тагыраагы, жаңы техникалар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аркылуу аймактарга бөлүштүрүлүп берилди.

Андан соң төрага Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулган көргөзмө жарманкени көрдү.

Анда Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары, жаңы породадагы мал-жандыктар көрсөтүлдү.

Нурланбек Шакиев бул көргөзмө жарманке айыл чарба тармагындагы жетишкендиктердин жана эмгекчил элибиздин жаратмандыгынын көрсөткүчү экенин белгилеп: “Сандан сапатка өтүү менен айыл чарба тармагына жаңылыктарды киргизүүбүз кажет. Айрыкча атаандаштыкка туруктуу продукцияларды өндүргөндө гана азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, экспортко да чыга алабыз. Бул дыйкан-фермерлер үчүн эле эмес, өлкөбүз үчүн да өтө маанилүү”, - деди.

Пикир

Оставить комментарий