• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шакиев шахтадагы жарылууга байланыштуу казакстандык кесиптештерине көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановго Караганды облусундагы шахтада болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Анда мындай деп айтылат:

“Казакстандын Караганды облусундагы шахтада болгон жарылуудан улам көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен бирге жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм.

Сиздердин ушул күндөрдөгү кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана бир тууган казак элине сабырдуулук тилейбиз”.

Белгилей кетсек, Караганда облусундагы Костенко шахтасында 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча чыгып кеткени кабарланган. Калгандары сыртка чыга албай калган. Кырсыктан каза болгондордун саны учурда 45ке жетти, дагы бир адам изделүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин "Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштаганын кабарлаган.

Шахтадагы жарылууга байланыштуу Казакстанда 29-октябрь – жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий