• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Шакиев Си Цзиньпиндин дипломатия боюнча идеяларын изилдеген борборго барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек,14.09.24./Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайга расмий сапарынын алкагында Кытай эл аралык институтуна караштуу Си Цзиньпиндин дипломатия боюнча идеяларын изилдеген борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алсак, аталган борбор 2020-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин дипломатия темасына байланышкан теориялык жана практикалык багыттагы идеяларын изилдеп, аларды тактап, талкуулап, жайылтуу максатында түзүлгөн. Ошондой эле борбордо ири державанын эл аралык байланышын өнүктүрүүгө арналган маселелер иликтенет.

Төрага Нурланбек Шакиев байыркы коңшу катары Кыргызстан Кытай менен калыптанган алакаларды арттырууга ар дайым кызыкдар экендигин белгилеп, борбордун Ардак коноктор китебине каалоо тилегин жазып калтырды.

Пикир

Оставить комментарий