• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Шакиев токой кызматы менен экология тармагын бириктирүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 20.12.24. / Чолпон Жумалиева – Кабар/. Биз келечекти ойлосок, өлкөдөгү токой кызматы менен экология тармагын өзүнчө мамлекеттик бакубат структура кылып түзүшүбүз керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кезектеги III Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө токой кызматын бир туруп Айыл чарба министрлигине, бир туруп Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кошуп келебиз.

“Кыргызстан тоолуу өлкө, биздин келечегибиз андагы мөңгүлөр жана таза суу. Акыркы маалыматтарга караганда 16 пайыз биздин мөңгүлөр кыскарып кетти. Токойлорубуз болгону 6 пайызды түзөт. Биз 6 пайыз токой ээлеген өлкөнү эч качан токойлуу өлкө деп айта албайбыз. Андыктан токойлорубузду сактап, көбөйтүшүбүз керек. Анкени, токой - бул биз дем алган таза аба, таза кычкылтек. Эгемендүүлүктүн 33 жылында жылына 2 айлык көрктөндүрүү, жашылдандыруу компаниясын көп эле жолу жүргүзөбүз. Андагы маалыматтар боюнча ар бир райондон канча көчөт отургузулганы боюнча миңдеген, миллиондогон сандар айтылат. Тилекке каршы ошол отургузулган бак-дарактын канча пайызы өнүп, өстү бул башка маселе. Ага кеткен убакыт, акча каражаты эбегейсиз. Биз шамалга каражат чачып жатабыз”,- деди Нурланбек Шакиев.

Пикир

Оставить комментарий