• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Хива шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин II парламенттер аралык форумунун алкагында аталган өлкөнүн Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

Жолугушууда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев тарыхый Хива шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилери чогулган форумга жогору баасын берип: “Салтка айланып бара жаткан бул жолугушуу баарыбыз үчүн өтө маанилүү. Андыктан, форумду туруктуу иштей турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык уюму катары жаңы деңгээлге көтөрүп, канатташ жашаган мамлекеттердин башкы мыйзам чыгаруу органдарынын кызматташтыгын кеңейтишибиз керек”, – деди.

Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын алакасынын учурдагы абалына токтолгон төрага: “Боордош эки элдин бир туугандык жана достук мамилеси жигердүү өнүгүп, калкыбыздын ынтымагы Париж шаарында өткөн олимпиадада көпчүлүктү суктантты. Спортчуларыбыз биримдигибиздин бекемдигин бири-бирине көрсөткөн колдоосу менен далилдешти. Мындай тыгыз байланышты бардык тармактарда өнүктүрүп, өз ара кызматташтыкты арттыра беришибиз керек. Азыр эле Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси эки өлкө ортосундагы дагы эки өткөрмө жайдын, тагыраагы “Кең-Сай” жана “Кара-Суу” өткөрмө бекеттеринин ачылганын маалымдады. Өткөрмө жайлардын ачылышы калк арасындагы каттамдын көбөйүшүн шарттап, жакын коңшулук мамилелерди чыңдоого көмөкчү болору анык”, – деди.

Мындан тышкары, быйыл Кыргызстанга келген туристтердин ичинен өзбекстандыктар арбын болуп, биринчи орунга чыкканын белгилеген Нурланбек Шакиев: “Бул маалыматтар эки өлкөнүн алакасынын өнүгүп жаткандыгынын көрсөткүчү”, – деп кошумчалады

Муну менен катар октябрь айында Өзбекстанда өтө турган парламенттик шайлоого ийгиликтерди каалаган Нурланбек Шакиев аталган добуш берүү өнөктүгүнүн жыйынтыктары өзбек элинин жаркын келечегине салым кошоруна ишенерин билдирди.

Өз кезегинде Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева эки өлкөнүн мамлекет башчылары алакаларды чыңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, акыркы жылдары кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн эске салды.

“Айрыкча экономикалык байланыш жигердүү өнүгүп, соода жүгүртүүбүздүн көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүүгө умтулуп жатабыз. Бизде бул жааттагы мүмкүнчүлүктөр өтө көп”, – деди Сенат төрайымы.

Мындан тышкары, эки өлкө ар дайым бирге экенин, эл аралык уюмдар алкагында да Өзбекстан Кыргызстанды ар убак колдой турганын айткан Танзила Нарбаева Борбор Азия мамлекеттеринин кезектеги III парламенттер аралык форумун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштаган Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле быйыл Бишкекте Борбор Азиядагы лидер айымдардын форумуна өзү катышканын, иш-чара ийгиликтүү өткөнүн кошумчалады.

Баарлашууда маданий-гуманитардык алакалар тууралуу да айтылып, бул жааттагы иш-чаралар эки элдин достугун бекемдөөгө көмөкчү болору белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий