• 87
  • 91.26
  • 0.84

Шакиевдин аракети менен Кезарттагы көпүрө калыбына келип, Сары-Челекке барчу жол оңдолууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы жумушчу сапарынын алкагында Кара-Жыгач - Сары-Челек унаа жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Эскерте кетсек, Сары-Челек биосфералык коругуна алып барган аталган жолду оңдоо маселеси Төрага Нурланбек Шакиев парламенттик шайлоого аттанып жаткан учурда жергиликтүү эл тарабынан айтылган. Натыйжада Төрага демилге көтөрүп, Президенттин жардамы менен 20,2 чакырымды түзгөн жолду жаңылоо иштери башталган. Бүгүнкү күнгө чейин 6 чакырымына асфальт төшөлдү. Калган бөлүгүндөгү иштер аба ырайына байланышкан жагдайлардан улам кечеңдеп, бирок кийинки жылы толугу менен бүткөрүлөрү күтүлүүдө.

Жол заманбап ыкмада жасалып, сел өткөрүүчү курулмалары менен салынат. Мындан тышкары, жээктери бекемделип, коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда.

Жолду көрүп чыккандан соң Төрага Нурланбек Шакиев Сары-Челек айыл аймагынын тургундары менен да жолушту. Баарлашуу маалында табияты кооз корукту сактап калуу башкы максат экенин белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Бул жай жергиликтүү элди гана эмес, дүйнө элин суктандырган туристтик аймак. Андыктан, анын кооз табиятын, көркөм жаратылышын бузбай сактап калуу маселесин унут калтырбашыбыз керек. Айрыкча корукта эс алуу жайларын, ар кандай курулмаларды курууга жол берилбеши зарыл”, - деген оюн айтты.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, жергиликтүү эл Сары-Челек айыл аймагында таза суу, Аркыт айылында жарыктандыруу маселеси курч экенин маалымдашты.

Төрага мамлекет тарабынан калкты таза суу менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирип, Аксы районундагы таза суу көйгөйү да комплекстүү каралып, чечилерин кошумчалады. Ал эми жарыктандыруу маселесин чечүү боюнча жетекчилерге тапшырма берди.

Муну менен катар тургундар атайын каражат бөлүп, Кызыл-Туу айылындагы жеке тамды сатып алып, бала бакчага айланткан Төрагага ыраазычылык билдиришти. Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиев резервдик фондунан 4,5 млн сом каражат бөлүп Кызыл-Туу айылындагы бала бакча маселесин чечип берген.

Иш сапар андан ары Кара-Камыш айыл аймагында уланып, Төрага Кезарт айылында курулган көпүрөнүн ачылышына катышты.

Алсак аталган көпүрө жаздагы табигый кырсыктан улам жараксыз абалга келген. Натыйжада Төрага аталган ишти өз көзөмөлүнө алып, кыска убакыт аралыгында бюджеттен бөлүнгөн 32 млн сом каражатка 18 метрлик жаңы көпүрө салынды.

Аземдин алкагында айыл эли менен баарлашып, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берген Нурланбек Шакиев көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, салык саясатын жөнгө салуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, өндүрүштү өнүктүрүү, айлык маянаны, пенсия, жөлөк пулдарды жогорулатуу, социалдык мекемелерди куруу жаатындагы аракеттерге токтолду.

“Буга чейин убактыбыздын көбүн саясий оюндар менен өткөрүп, экономикага көңүл бурбай, өнүгүүдөн артта калганыбыз жашыруун эмес. Бирок акыркы төрт жыл аралыгында саясий туруктуулук орноп, ири реформалар ишке ашырыла баштады. Мындан ары да ынтымак жана биримдик менен алдыга умтулуп, өнүккөн мамлекет катары калыптанышыбыз керек”, - деди Төрага.

Андан сырткары Нурланбек Шакиев 4 жарым чакырым узундуктагы Сыны - Дардак-Дөбө унаа жолунун да ачылышына катышты. Аземдин алкагында жергиликтүү элдин суроолоруна да жооп берген Төрага тиешелүү министрликтин өкүлүн дарыянын жээгинде жайгашкан жолду табигый кырсыктардан коргоо ишине тыкыр көңүл бурууга чакырды.

Эскерте кетсек Жогорку Кеңештин Төрагасын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу баштаган тиешелүү жетекчилер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп барды.

Пикир

Оставить комментарий