Шалаакылыктан улам жоокерлер кургак учукка кабылган — Байгубатова

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Военкоматтын шалаакылыгынан улам жоокерлер кургак учукка кабылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Республикалык жоокер энелеринин комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова билдирди.

Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн 26 жоокер кургак учукка кабылганы белгилүү болду.

“Жоокерлер уламдан-улам ооруп жатат. Бул боюнча кылмыш иши да козголду. Военкоматтын шалаакылыгынан улам жоокерлер кургак учукка кабылган. Ал кырсык. Ооруканага үч жолу барып келдим. Ар бир жоокерге шарт түзүлгөн экен. Күч түзүмдөр кошумча да тамак-аш берип жатат. Бирок оорунун белгилери байкалбай жатат”, - дейт Байгубатова.

№99718 аскер бөлүгүнүн штаб башчысы Руслан Абдулдабеков 26 жоокердин абалы канааттандырарлык экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-январында Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө кургак учукка кабылган учур катталган. Кийин ооруган жоокерлердин саны 15ке жеткен.

Пикир

Оставить комментарий