• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Шамшыбек Качкынбай уулу "Салык Сервис" мекемесинин директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Шамшыбек Качкынбай уулу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Шамшыбек Качкынбай уулу "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп иштеген.

Эскерте кетсек, буга чейин "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директору болуп иштеген Нургүл Салиева Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий