• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Шаршенбеков менен Махмудов дүйнөлүк күрөш уюмунан акчалай сыйлык алат

Спорт 0

Бишкек, 09.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык эки балбан Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнөн (United World Wrestling) акчалай сыйлык алат. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча ар бир салмактан үч алдыңкы балбанга 10 миң доллар бөлүнүп берилет. Тактап айтканда, рейтингде биринчи орунда турган балбанга 5 миң доллар, экинчиге 3 миң жана үчүнчүгө 2 миң доллар бөлүнөт.

Рейтингде 60 кг салмакта биринчи орунда турган Жоламан Шаршенбеков 5 миң доллар, ал эми 77 кг салмакта тизменин экинчи сабында жайгашкан Акжол Махмудов 3 миң доллар алат.

Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов 2022-жылдын 10-18-сентябрында Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий