Шашылыш билдирүү! Абанын температурасы төмөндөп, үшүк жүрөт

Коом 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 23-24-март күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

25-мартта түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектериндеги райондорунда 0…-2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

23нөн 27-март күндөрү Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат;

23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

24-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 25-мартта тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта жана 27-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 27-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

28-29-март күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий