• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Шашылыш билдирүү! Абанын температурасы жогорулап, сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы кайрадан шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 30-июлдан 31-июлга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!

- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

Пикир

Оставить комментарий