Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.
Пикир
Оставить комментарий