• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.08.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-28-августунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ кокту-колоттордон топтолгон селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону эскертет.

Пикир

Оставить комментарий