• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда аба ырайы кайрадан сууктап, кар жаашы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирген маалыматына ылайык, 15-17-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

15-декабрда күндүз жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө. Айрым жерлерге туман түшөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 19-24 метрге жетет.

16-17-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн - 12... -17°, күндүзү - 4... - 9°, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11... -17°, күндүзү - 4... - 9°,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн - 11... -16°, күндүзү -3..., - 8°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -10.. -15°, күндүзү 0... -5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн - 11..., - 16°, күндүзү - 1... - 6°,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20... -25°, күндүзү -5... -10°, республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн - 15... - 20°, күндүзү -5... -10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13... -18°, күндүзү -7... -12°,

Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн - 30.. -35°, күндүзү -13... -18° суукка чейин төмөндөйт.

ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоонуу кыйындатарын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий