• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. 26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда жана 27-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°;
  • Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°;
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19° болот.

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…5° ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий