• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-29-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

"Бийик тоолорго жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз, токтоосуз 112 кызматына билдириңиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий