• 87
  • 90.41
  • 0.84

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-январдан 16-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная Горка-Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий