• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн түштүк аймагында сел жүрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын түштүк аймагында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, эртең, 24-майыда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий