Бишкек, 03.05.20/Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы туруксуз аба ырайына – жаан, шамалга байланыштуу шаар тургандарын үйдө болууга чакырат.
"Кокустуктардын алдын алуу үчүн айдоочулардан унааларын бактардан, жеңил курулуш объекттеринен алыс токтотушун суранабыз", - деп билдирет мэрия.
Шашылыш учурларда (бак кулаганда, суу каптаса ж.б.) мэриянын 1840 жана 1850 номерлерине чалууга, 0554 -182-185 номерине сүрөт жана видеолорду жөнөтүүгө болот.
Район акимдеринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басарларынын байланыш номери:
- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) – 0550 997 927;
- Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) – 0772 192 074;
- Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи май району) – 0555 666 096;
- Мырзакматов Садык Токтосунович (Свердлов району) – 0551 571823.
Пикир
Оставить комментарий