• 87.86
  • 93.94
  • 1

Шашылыш билдирүү: үшүк жүрүшү күтүлөт!!!

Коом 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Республиканын аймагында аба ырайы өзгөрүп, үшүк жүрүшү мүмкүн. 26-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлеринде -1…-3° үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып, жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2017-жылдын 20-сентябры күнү КРнын ӨКМнин №02-34/671-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий