• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Шавкат Исмаилов: Жапаровдун Казакстанга сапары эки өлкөнүн маданий жана руханий байланышына жаңы дем бериши керек

Коом 0

2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапары менен Казакстанда жүрөт. Иш сапардын биринчи күнүндө республиканын жетекчилиги менен жолугушуулар болду, 3-мартта Садыр Жапаров Казакстандын бизнес коомчулугу менен жолукту.

«Кыргызстан-Астана» коомдук бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов Кыргызстандын президентинин Казакстанга сапары тууралуу өзүнүн пикири менен бөлүштү.

“Кыргызстан-Астана” коомдук бирикмесинин төрагасынын айтымында, Казакстандын жетекчилиги тарабынан уюшулган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алуу казак элинин кыргыз элине болгон сый мамилесинин далили. Исмаилов бул сапар эки тараптуу мамилелердин жаңы барагы болушу керек, анткени эки элди көп жылдардан бери байланыштырып келе жаткан маданий, тарыхый жана руханий баалуулуктары бүгүн дагы эки өлкөнү бириктирүүдө негизги багыт болууга тийиш деп белгиледи. “Азыркы шартта эч ким менен мамиле кылбай жашоо кыйын, биз бири-бирибизге керекпиз, муну бары түшүнөт. Эки өлкөнүн лидерлери котормочусуз суйлөшүп жатканы – эки элдин бири-бирине абдан жакын экендигин түздөн-түз чагылдырат. Жубан Молдагалиевдин поэмасынан окулган кыргыз жана казак элдеринин жакындыгы тууралуу үзүндү, Абай жана Магжан Жумабаевден үзүндүлөр казак-кыргызды байланыштырган терең тарыхый тамыр, тарыхта биз бирге келе жаткан бирдиктүү жолубуз тууралуу дагы бир жолу эскертет”,-деди Шавкат Абдуллаевич.

“Кыргызстан-Астана” коомдук бирикмесинин төрагасы Казакстан Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерге өзгөчө көңүл бурарын жана кыйын кырдаалда дайыма жардамга келүүгө даяр экенин кошумчалады. Мындан тышкары, ал жергиликтүү бийлик Казакстандагы кыргыз диаспоралары менен кызматташып, ар кандай көйгөйдү чечүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келерин белгиледи. “Ошондуктан эки тараптуу мамилелер кеңири өркүндөтүлөт деген ишеним бар жана Жапаровдун Казакстанга сапары буга өбөлгө болот ”, - деп сөзүн жыйынтыктады Шавкат Исмаилов.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий