• 89.43
  • 97.22
  • 0.97

Шейшеке Акаевге 100 жыл: КРнын Арбитраждык сотунун негиздөөчүсүнүн элесине арналат

Аналитика 0

15-октябрда юстиция тармагынын эң сыйлуу ардагерлеринин бири – Акаев Шейшеке Акаевичтин туулганына 100 жыл толот. Шейшеке Акаев Кыргызстандын Арбитраждык сот тармагынын негиздөөчүлөрүнөн болгон. Мына ошол күнгө карата тарыхтын оомалуу-төкмөлүү барактарын барактап, кыргыздын бир уулунун өмүр жолунун урунттуу учурларынан эсиңиздерге сала кетүүнү туура көрдүк.

Кыргыз адабиятынын корифейлеринин бири Аалы Токомбаев “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген эмеспи. Анын сыңарындай, каарманыбыздын элесин анын өмүр жолунан, эмгектеринен издеп көрөлү.

Он бир жылга элестери

Шейшеке Акаев тарых барактарына жөн гана кыргыздын жакшы уулдарынын бири катары гана кирбестен, Кыргызстандын юстиция тармагынын мамлекеттик орган катары калыптанышына баа жеткис салым кошкон мамлекеттик ишмер, Арбитраждык соттун негиздөөчүлөрүнүн бири катары киргенин адегенде эле белгилей кетели.

Каарманыбызды Совет өкмөтүнүн уулу деп койсок жарашат. Анткени ал Совет бийлиги орногондон туура бир жылдан кийин туулган. Башкача айтканда, 1918-жылдын күркүрөгөн күз айында Чүй облусунун Чүй районунун Он бир жылга айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал туулуп-өскөн Сары Өзөн Чүйдүн Он бир жылга айылы байыркы Баласагын шаарынын бир ыптасындагы, Бурана мунарасы кылымдардан эстеликке калган кыргыздын тарыхый мааниси чоң, даңктуу айылдарынан болот. Өзөн бойлоп, өргө карай бассаң, айтылуу Шамшы, Кегети, Көл-Төр капчыгайлары жатат, таштан-ташка секирип Шамшы суусу агып турат. Ал кезде андагы капчыгайлар ичи карагай-кайың, тал, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө толкуп-ташып турган кез эле. Айтылуу Молдо Кылыч Шамыркан уулу “Чүй баянында:”

“Абайласаң жаныбар
Дүнүйөсү түгөлү.
Мал аралап жүргүсүз
Чыккан чөбү мүрөлү.
Жалбырагы билектей”, -

деп Сары өзөн Чүйдүн сан жеткис жаныбарлары менен өсүмдүктөрүн сыдыргыга салгандай тизмектеп бербеди беле. Шейшеке сыяктуу андагы боз балдар теребелдеги көз жоосун алган кооздукка бөлөнүп, кыял чабытын алыска сермешчү.

Совет өлкөсү да ал учурда сабатсыздыкты жоюуга, жаштарга билим алууга койнун кенен ачып турган. Ошол учурдагы жаштардын идиректүүсүнүн дээрлик баары билимге умтулуп, бир канча окуу жайлардан билим алууга жетишкен. 20 жашка толгон чагында, 1938-жылы Шейшеке Токмок шаарындагы жумушчу факультетин (рабфак) аяктайт да, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетине окууга кирет. Ошол кезде жумушчу факультетиинен, андан кийин жогорку окуу жайынан окуган Искендер Маленов, Абдыкайыр Казакбаев, Мукаш Өмүралиев, Ажыке Кутманалиев, Жунуш Рабидинов сыяктуу жолдоштору да элге белгилүү инсандардан болуп чыгышканын белгилей кетели.

Буудай талаасы өмүрүн сактады

Бирок Шейшеке сыяктуу ал кездеги жаштардын турмуш жолу шыр эле калыпка түшө калган эмес. 1939-жылы совет-фин согушу башталып калды. Ошол учурда аскерге чакырылган жаштар менен кошо Ш. Акаев да совет-фин согушу жүрүп жаткан жерге жоокердик милдетин аткарууга аттанып кетти. Аскерден келгенден кийин да, согуш аяктагандан кийин Шейшеке Акаевди Воронеж шаарындагы Орёл аскер округунун 281- аткычтар ротасынын 19-аткычтар дивизиясына кайра чакыртып алышты, Анткени аскерге чакырылганда ошол жерде ал пулемётчу катарында өзүн жакшы жагынан көрсөтө алган. 2-3 ай өткөндөн кийин аны 164-авиациялык атайын батальондун өкүлдөрү авиациялык мектепке тандап алышкан. Жаш мугалим он ай окуп, радист жана аткыч аттуу кесиптерге ээ болгон.

Андан кийин капсаландуу Улуу Ата Мекендик согуш башталып калды. Шейшеке Акаев бул согуштун биринчи күнүнөн тартып эле, күжүрмөн тапшырма алып, Кара Деңиз боюндагы Румыниянын Констанц шаарына учуп кетет. Ал жердеги аскер эскадрильясы Житомир шаарындагы гитлерчилер топтошкон жерди бомбалап жаткан. Андан кийин алардын аэродрому Курск шаарына көчүп барган. Таймаштардын биринде алар фашисттердин самолёту менен күч атасы тең эмес күрөшкө чыгышкан. Ошол таймашта кыргыз бомбардири Шейшеке Акаевди душмандар атып түшүрүшкөн, бирок учкучтар буудай талаасына конууга жетишип калышкан. Жергиликтүү калк Шейшеке Акаевди буудай талаасынан таап алып, бир айдан ашык анын өмүрүн сактап калуу үчүн ажал менен алышкан. Аны он бир ай Куйбышев шаарындагы аскер госпиталында дарылашкан.

“Эл эмгектен эскерсин”

Аскер врачтарынын комиссиясынын чечими менен Шейшекеге майыптык даража берилип, андан ары дарылануу үчүн Мекенине, Кыргызстанга жиберилет. Туулуп-өскөн Он бир жылга айылына келгенден кийин Шейшеке Акаев мектептин директору болуп дайындалат. Бирок ал мектепте бир аз убакыт гана иштеген. Анткени идиректүү, билимдүү, уюштургуч кадрлар өлкөнүн борборуна зарыл керек эле. Дароо эле аны Фрунзе шаарына чакырып кетишет.

Шейшеке Акаев дээринен зээндүү, акылы тетик, эмгекчилдиги, кесипкөйлүгү, татыктуу жүрүм-туруму менен кызматынан улам-улам көтөрүлө берет. 1942-жылдын ортосунда ал Эл комиссарлар Кеңешинин төрагасы Төрөбай Кулатовдун жардамчысы болуп дайындалат. Андан Акаев Москвадагы Бүткүл союздук юридика институтуна өтүп, аны ийгиликтүү аяктаган.

1944-1948-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Иш башкармалыгынын башкармасынын орун басары, 1948-жылы Кыргыз ССРинин Прокуратура бөлүм начальниги, Андан 1953-жылга чейин Фрунзе облустук юстиция башкармалыгынын начальниги, 1953–1959-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары; 1959–1962-жылдары Кыргыз ССР прокурору; 1962–1964-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Арбитражынын башкы арбитри; 1964–1971-жылдары Кыргыз ССРинин юридикалык комиссиясынын төрагасы, 1971–1987-жылдары Кыргыз ССРинин Башкы мамлекеттик арбитри болуп штеген.

Жогоруда жылдардын тизмеги гана берилип, азыркы окурмандарга балким, мындай тизмектеп саноо кызыксыз болуп калышы мүмкүн. Бирок ошол доордогу чен-өлчөм менен алганда карапайым кыргыз баласы үчүн Советтер Союзунун курамындагы Кыргызстанда мындай бийик даражалуу кызматтарга жөн жерден бекитилип калбайт эле. Мыкты уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү менен жогорку кесипкөйлүгүн ал бардык кызматтарда көрсөтө алган. Өлкөдө мыйзамдуулукту, укук тартибин орнотууда, жарандардын укугу менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында, өлкөнүн юридика тармагынын кадрларын даярдоодо чоң кызмат өтөгөн.

1987-жылы Шейшеке Акаев эс алууга чыккан. “Союздук маанидеги” деп аталган персоналдык пенсионер болгон. Анын өмүрү жана эмгек жолу өз Мекенине, жалпы элине кызмат кылуунун үлгүсү болуп калды деп айта алабыз.

Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы фашисттик баскынчылар менен салгылаштагы эрдиги үчүн Ш. Акаев көптөгөн ордендер жана медалдар менен сыйланган. Ал эми согуштан кийинки тынчтык күндөрүндө да ал сый-ургаалдан куру калган эмес. Эмгек Кызыл туу ордени, “Эмгектеги артыкчылыгы” медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин медалдары жана Ардак грамоталары менен сыйланган. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” деген арлактуу наамге жетишкен. Бул сыйлык, албетте, анын кесипкөйлүгүн жана иштеги артыкчылыктуу сапаттарын айгинелеп турат.

Ш. Акаев партиянын жана шайлоо органдарынын ишине активдүү катышкан. Алсак, 1959-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө талапкер болгон. Ошондой эле партиянын Фрунзе шаардык обкомуна, Фрунзе облустук аткаруу комитетине, партиянын Фрунзе шаардык комитетине, Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин партиялык комитетине бир канча жолу мүчө болуп шайланган.

Пенсияга чыккандан кийин да Шейшеке Акаев үйүндө бош карап жаткан жок. Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык Соту менен байланышты үзбөй, Арбитраждык соттор менен укук коргоо кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга салым кошуп келген.

Шейшеке Акаев юстициянын 2-класстагы кеңешчиси деген юридикалык наамдын ээси болгон. Азыркы Кыргызстандын Юстиция министрлигинде жана Прокуратурасында анын көптөгөн окуучулары иштеп жатат. Шейшеке Акаев 2000-жылдын 19-февралында 82 жашында көз жумган. Сөөгү Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Шейшеке Акаев ар дайым мамлекеттик кызмат менен алек болуп, убактысынын көбү ал жакка жумшалганы менен, үй-бүлөгө да камкор караган. Анын алты уул-кызы жана неберелери бар: Алмаз Акаев, Иличбек Акаев, Толгонай Акаева, Дария Акаева, Жылдыз Акаева жана Азамат Акаев.

Шейшеке Акаевдин бийбичеси Сажира Жусупова азыркы учурда 97 жашка чыкты. Шейшеке Акаев экөө 1942-жылдын 12-мартында баш кошушкан. Ошондон тартып байы дүйнөдөн кайтканына чейин кармашкан колдору ажыраган эмес.

Бул кыска аңгеме өмүрү жана басып өткөн жолу бай адам Шейшеке Акаев тууралууу, бирок анын жакын достору тууралуу айтпасак, сөзүбүз толук болбой калаар. Жогоруда анын тең курдуу досторунун атын учкай атап кеттик эле. Алардын баары кийин кандай кесип ээлери болгонун атай кетели. Жаш кезегинде алар жумушчу факультетинде окуп, андан кийин жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалаган, бирок турмуштан эрте өтүшкөн Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин юридика кеңсесинин башчысы Искендер Маленов, Кыргызстан КП БК катчысы Абдыкайыр Казакбаев, Айыл чарба министри Мукаш Өмүралиев, генерал-майор Ажыке Кутманалиев, Ички иштер министринин орун басары, полковник, Фрунзе шаарынын Аскер комиссары Жунуш Рабидиновду айта кетүүгө болот.

2018-жылдын 15-октябрында Шейшеке Акаевдин туулган күнүнө 100 жыл толот. Анын атын түбөлүккө калтыруу максатында каарманыбыз акыркы кездерде жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулган.

Шейшеке Акаевдин мамлекетке, элге кылган кызматын жана сот системасынын пайдубалын түптөөгө катышкан эмгеги үчүн ал жашаган борбор шаарыбыз Бишкектин бир көчөсүнө ысымы ыйгарылса, туура жана акыйкат чечим болор эле. Өмүр жолун татыктуу жана чынчыл жашап өткөн биздин чыгаан мекендешибиз, жердешибиз Шейшеке Акаев эл-журттун, анын окуучуларынын, туугандары менен жакын санаалаштарынын, эсинде жана ушул макаладан азыноолак таанышкандарга да анын өмүр жолу суктанаар, тамшандырар сезим калтырар. Биздин аталарыбыз ушундай даңктуу жолду басып өтүп, бүгүнкү бейпил турмушубузга салым кошконун эске ала жүрөлү.

Макаланы даярдаган Айгүл Молдоканова

Атайын "Кабар" агенттиги үчүн.

Пикир

Оставить комментарий