Бишкек, 22.09.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Антонина Шевченко жекеме-жеке урушуу боюнча бүгүн өзүнүн экинчи таймашын өткөрөт. Беттеш Лондондо Phoenix Fighting Championship турниринин алкагында өткөрүлөт.
Шевченкого англиялык Керри Хьюз атаандаш болот. Салмактык категория – 61,2 кг чейин, деп жазылат турнирдин Фейсбуктагы расмий баракчасында.
Шевченко тай боксу боюнча дүйнө чемпиону.
Муай-тай боюнча Кыргызстандын атынан мушкер Рафаэль Физиев рингге чыгат (69,85кг чейин).
Пикир
Оставить комментарий