Шанхай кызматташтык уюму өзүнүн чек араларын кеңейтип, эл аралык координациянын жаңы системасындагы өнүгүү уюлу катары чыңдалууда. Бүгүн Астанадагы саммитте Беларусь уюмга расмий кабыл алынып, анын онунчу толук кандуу мүчөсү болду. ШКУ дүйнө калкынын жарымы жашаган жана Евразиянын аянтынын 65%дан ашыгын ээлеген мамлекеттерди камтыйт.
Өлкө башчыларынын саммитин кабыл алып, төрагалык кылып жаткан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дүйнөлүк процесстерде биригүүнүн ролу өсүүсүн жана мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи. "Биргелешкен күч-аракеттерибиз, шанхай духун бекемдөө жана шанхай принциптерин алдыга жылдыруу менен биз ШКУну эң таасирдүү жана кадыр-барктуу эл аралык структуралардын бирине айландырдык. Биздин биримдиктин уникалдуулугунун жана эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында дүйнөдө ага кызыгуу тынымсыз өсүүдө", - деп белгиледи ал.
ШКУнун өнүгүү аймагы кеңири, транзиттик коридорлору ыңгайлуу түйүндөргө жана жүк терминалдарына ээ болушу үчүн унаа жана темир жолдордун тармагы жаңы транспорттук базаны курууну талап кылат. Бул артериялар транспорттук жүк ташууларды кыйла жакшыртып, чоң көлөмдөгү жүктөрдү жеткирүү убактысын кыскартуу менен өз ара Евразия мейкиндигин бириктирет. Ал арада өнөр жайын өнүктүрүү жана эл керектөөчү товарлардын кеңири түрүн чыгарууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Бул машина куруу, айыл чарба жана мал чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу тармактарга жана албетте, экономикалык жылыш үчүн жетиштүү кубаттуулукту камсыз кылуусу керек болгон энергетика тармагына түрткү берип, инвестиция тартат.
Бул эми риторика эмес, реалдуу пландар жана бекитилген инфраструктуралык долбоорлор. Булар боюнча иштер жакынкы аралыкта башталат. Ошондуктан ШКУ саммитинин алкагындагы эки тараптуу жолугушууда Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна даярдыктарды талкуулоого көп көңүл бурушту. Жапаров Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип жылдырууда үч тараптуу Өкмөттөр аралык келишимге кол коюу менен долбоордун саясий этабы ийгиликтүү аяктаганына басым жасап, эми кийинки кадам – кыйла деталдуу коммерциялык келишимди бекитүү экенин белгиледи.
Өз кезегинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жакында кызматташуу келишимине кол коюуда инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу үчүн укуктук негиз түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле ал өз ара сооданы эки эсеге көбөйтүүнүн маанилүүлүгүнө жана Кыргызстандан экологиялык таза продукцияны импорттоо үчүн Кытай рынокторунун ачык экендигине басым жасады. "Өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү жылдан жылга көбөйүп, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 20 млрд долларга жакынды түзөт, соода-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга күч-аракет жумшоо маанилүү", - деп айтты Цзиньпин.
Мындан сырткары ШКУнун саммитинде экономикага, аны терең трансформациялоого жана жаңы байланыштарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. "Кыргызстан эл аралык автомобилдик ташуулар жана транспорт жаатындагы башка документтер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун практикалык ишке ашыруусун жактайт.
Буга байланыштуу, бүгүн бекитилген ШКУга мүчө-мамлекеттер менен ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн Жол картасы соода, инвестиция, банк иши, транспорт, энергетика, ошондой эле туризм жана билим берүүнү кошо алганда, маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзөт", - деди президент Садыр Жапаров.
Россиянын президенти Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюму мамилелерди тең укуктуулук, бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу, маданий-цивилизациялык көп түрдүүлүктү урматтоо, коопсуздуктун актуалдуу маселелерин биргелешип чечүү жолдорун издөө принциптеринде куруп жатканына токтолду. "ШКУ өлкөлөрүнүн глобалдык жана аймактык күн тартибинин негизги аспектилерине макулдашылган мамилеси саммитте жактырылган Астана декларациясында чагылдырылган. Анда өлкөлөрдүн БУУнун борбордук ролуна, эл аралык укукка, суверендүү мамлекеттердин өз ара пайдалуу шериктештикке умтулуусуна негизделген адилеттүү жана көп полярдуу дүйнөлүк тартипти түзүүгө умтулгандыгы баса белгиленет", – деди ал.
ШКУнун алкагында курулуп жаткан ар тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жаңы модели өнөктөштөрдөн чоң күч-аракетти жана натыйжалуу саясий чечимдерди талап кылат. "Азыркы оор кырдаал негизинен эл аралык мамилелердин бүткүл системасынын курч каатчылыгынын кесепети болуп саналат. Ушунун фонунда ШКУ эл аралык укуктун эрозиясын жеңүү, геосаясий бузулууларды алдын алуу жана акырында кеңири глобалдуу контекстте тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө үчүн өзүнүн турукташтыруучу жана жаратман ролун күчөтүшү керек", — деди Касым-Жоомарт Токаев.
Терроризм ШКУ мейкиндигинде стабилдүүлүккө негизги коркунуч бойдон калууда. Буга байланыштуу Кыргызстандын президенти кесиптештерин тышкы чакырыктарды эске алуу менен аларды нейтралдаштыруу боюнча биргелешип иштөөгө чакырды. Садыр Жапаров Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча Бишкек тарабынан сунушталган демилгенин маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгиледи.
ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин өз сөзүндө Борбор Азия ШКУнун өзөгү экенин, ал эми аймактагы тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү бүткүл уюмдун туруктуулугуна жана өнүгүшүнө түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи. "Учурда болуп жаткан татаал өзгөрүүлөрдүн фонунда мүчө мамлекеттердин стратегиялык өз ара аракеттенүүсүн, ишенимин жана пайдалуу кызматташтыгын чыңдоо, тышкы чакырыктарды биргелешип жеңүү аркылуу биз аймактагы туруктуулукка, жалпы тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө жетише алабыз", - деди Чжан Мин.
ШКУнун Астана саммитинин жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюшту. Терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы колдоого алынды. Энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү стратегиясы, Экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, уюмдун мүчөлөрү менен өнөктөштөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча жол картасы, маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү планы бекитилип, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясы кабыл алынды.
Дагы бир маанилүү документ "Адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө" демилгеси болду. "Шанхай ондугуна" кирген мамлекеттер башка мамлекеттерди ага кошулууга чакырат. Уюмдун лидерлери глобалдык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо үчүн шарттарды түзүүдө, ошондой эле жаңы демократиялык, адилеттүү саясий жана экономикалык эл аралык тартипти курууда ШКУнун ролун жогорулатуу ниетин билдиришти.
2023-2024-жылдары уюмга Казакстан төрагалык кылса, 2024-2025-жылдарга төрагалык кылуу милдети Кытайга өттү. Келээрки саммит бир жылдан кийин Кытайда өтмөй болду.
"Кабар" маалымат-аналитикалык борбору
Пикир
Оставить комментарий