• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ШКУга байкоочу макамын алууга 5 өлкө билдирме берди

Дүйнө 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна байкоочу макамын алууга 5 өлкө билдирме берди. Бул тууралуу ШКУнун катчылыгындагы Иран Ислам Республикасынын улуттук координатору Мехрдад Киаеи “Известияга” маалымдаган.

Анын айтымында, Армения, Азербайжан, Бангладеш, Камбоджа жана Шри-Ланка билдирме жөнөткөн.

“Камбоджа, Шри-Ланка, Армения, Бангладеш, Азербайжан уюмга кошулууга арыз беришти. Бул өлкөлөр, анын ичинде Бангладештен башкалары диалог боюнча өнөктөш статусун байкоочу статусуна өзгөртүүнү каалашат. Биз негизи бул маселени карап чыгууга даярбыз жана тийиштүү арыз ээлери жана уюмга мүчө мамлекеттер менен макулдашып, кандайдыр бир жыйынтыкка келүүгө даярбыз”, - деди Мехрдад Киаеи.

Ал белгилегендей, адегенде бул өлкөлөр байкоочу макамын алып, андан кийин гана толук кандуу катышуучу боло алышат. Бангладеш диалог боюнча өнөктөштөрдүн бири эмес, бирок байкоочу статусуна жетүү жолунда бул этапты айланып өтүүгө болот. Бул үчүн уюмдун бардык мүчөлөрүнүн макулдугу талап кылынат деп кошумчалады Мехрдад Киаеи.

Белгилей кетсек, Түркия Шанхай кызматташтык уюмунун толук кандуу мүчөсү болууга ниеттенип жатканын Режеп Тайып Эрдоган 11-июлда Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында билдирген.

Эске салсак, ШКУнун 3-4-июлда Астана шаарында өткөн саммитинде Беларусь уюмга мүчө болуп кошулду. Ошентип ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саны 10го жетти. Ага чейин Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле кийинчерээк кошулган Индия, Пакистан жана Иран кирчү.

Пикир

Оставить комментарий