• 87
  • 90.41
  • 0.84

Швейцарияда Фейсбуктагы "лайк" үчүн айып салынды

Дүйнө 0

Бишкек, 4-июнь /Кабар/. Швейцария тургуну өлкө тарыхындагы биринчи жолу Фейсбук социалдык тармагындагы «жактыруу» белгиси үчүн сот тарабынан айыпка жыгылууда. Бул тууралуу www.bbc.com жазат.

Цюрихтеги сот 45 жаштагы жаранды 4 миң франк өлчөмүндөгү (4,1 миң доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирди.

The Local Switzerland басылмасы кабарлагандай, бул айыпка жыгылган швейцариялык 2015-жылы Жаныбарларды коргоо боюнча ассоциациянын жетекчиси Эрвин Кесслерди расизм, антисемитизм боюнча айыптаган активисттердин билдирүүсүнө «жактыруу» белгисин койгон.

Кесслер бул боюнча социалдык тармакта комментарий калтыргандарды эле эмес, ага «жактыруу» белгисин баскандарды да сотко берген. Муну ал «жактыруу» белгиси канчалык көп болсо, жарыяланган материал соцтармакта көбүрөөк колдонуучулар көрө тургандай алдыңкы сапка чыгары менен түшүндүргөн.

Ишти караган судья дагы «жактыруу» белгиси ошол пикирди ырастоо болуп каларын, ал белгини коюу менен мазактаган комментарийлер менен ал дагы макул экенин ачыкка чыгаруу болуп калат деп белгилеген.

1998-жылы Кесслердин өзү дагы эл алдында еврейлердин мал союу каадасын немис нацисттеринин кылмышына салыштырганы үчүн соттолгон.

Бирок бул жолку сотто жооп берип жаткандар окуядан 20 жыл өткөндөн кийин Кесслерди расизм, антисемитизм айыптоосуна эч кандай негиз жок деди судья.

Франс-пресс агенттиги соцтармактагы «жактыруу» белгиси үчүн айыпка жыгуу Швейцарияда биринчи жолу болуп жатканын жазды. (AbA)

Пикир

Оставить комментарий