• 86.5
  • 91.23
  • 0.87

Швейцариянын түштүгүндөгү суу ташкында төрт адам каза тапты

Дүйнө 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Швейцарияда нөшөрлүү жамгырдан жана суу ташкынынан улам төрт адам каза тапты. Үч кишинин сөөгү Тичинодогу кантондон, ал эми дагы бир көз жумган адам Вале кантонунан табылган.

Euronews маалымдагандай, учурда жолдор жабык, эс алуучулар эвакуацияланды. Автоунаа өтүүчү Вислетто көпүрөсү жараксыз абалга келди. Үч аймакка унаалардын баруусуна тоскоолдук жаралды. Мындан сырткары, Рона дарыясы ташып, шоссе менен темир жол линиясын каптап калды.

Ошондой эле мындай туруксуз аба ырайы Италиянын түндүгүндө да катталып, ондогон адамдар эвакуацияланды.

Маалыматтарга караганда, Монтанаро менен Сан-Бениньо-Канавезенин ортосунда Орко дарыясынын суусу көтөрүлгөндө жолго тыгылып калган унаадан эки киши жана 3 айлык кыз куткарылды.

Пикир

Оставить комментарий