Швейцариянын тышкы саясий ведомствосунун башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис 3-июлда расмий сапары менен Кыргызстанга келет.

КР Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, ал министр Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келүүдө.

Швейцариялык саясатчы сапарынын алкагында Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-швейцария кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкуулашат.

Ошондой эле Федералдык департаменттин башчысы Иньяцио Кассис президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий